
26-майда Республикалык СПИД борбору, USAID жана ЮНЭЙДС Эл аралык ЖИКСтен (СПИД) курман болгон адамдарды эскерүү күнүнө карата Бишкекте, Ошто жана Чүй областында иш-чараларды өткөрүштү. Ал иш-чараларга АИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД) менен байланышкан оорулардан курман болгон адамдарды эскерүү жана АИВ менен жашаган адамдарга тилектештигин билдирүү үчүн жүздөгөн адамдар чогулушту. Бул эскерүү мааракеси 30 жылдан ашык убактан бери АИВ жөнүндө коомдун маалымдоо макстаында дүйнө жүзү боюнча майдын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлүп келет.
Республикалык СПИД борборунун мааламаты боюнча, Кыргыз Республикасында 8 миңдей адам АИВ менен жашайт, жана алардын ичинен болгону 2,8 миң адам антиретровирустук дарылоодон өтүп жатышат. Cтигма жана кодулоо – АИВ/ЖИКСке каршы күрөшүүдө олуттуу маселе, анткени көптөгөн адамдар кодулануудан коркуп алдын алуу жана дарылануу кызматтарын колдонушпайт.
АКШ өкмөтү, USAIDдин «АИВ боюнча флагман» долбоору аркылуу АИВ учурларын табуу жана АИВ менен жашаган адамдарга өмүр бою дарылануусунда жардам берүү үчүн бир катар коомдук уюмдар менен иш алып барууда. Долбоор ЮНЭЙДСдин «90-90-90» ири планын көздөйт. Ал план 2020-жылга чейин АИВ менен жашаган адамдардын 90% аныктоону, алардын ичинен 90%-н антитеровирустук терапияга камтууну, жана дарыланып жаткандардын 90%-нын канында вирусту адам ден-соолукта болуп, оору жукпай турган төмөн деңгээлде кармоону көздөйт.