«Ийгиликтин паспорту» программасы Кыргызстандын жаштарына ийгиликке жетүүнүн жолдорун үйрөтүүдө

Ноябрь айында өтчү эки форумда USAID «Jasa.kg» долбоорунун Ийгиликтин паспорту® окуу программасына катышкан жаштар бул программа аркылуу үйрөнгөн жөндөмдөрүн тартуулайт. Форумга Билим берүү жана илим министрлигинин, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү жана тренерлер жана өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген 400дөн ашуун жаштар катышат.

Ийгиликтин паспорту®  программасы – АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID)  тарабынан каржыланган Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» долбоорунун  маанилүү бөлүмү. Бул программа турмушта зарыл болгон жөндөмдөрдү үйрөтүү менен бирге жаштардын өзүнө ишенимдүүлүгүн жана жашоого туруктуулугун арттырууга жана максатты туура коюууга жардам берет. Кыргыз Республикасында Эл аралык жаштар фондунун  жергиликтүү программасынын көмөктөш-уюму «Балачак институту» Ийгиликтин  паспорту® тренингин өткөрүүгө жооптуу жана ушул жаштар форумдарын «Jasa.kg» программасынын башка өнөктөштөрү «Интербилим», «Оэйсис» жана «Биздин добуш» менен бирге өткөрүп жатат.

8-ноябрда Бишкекте (Абдымомунов көчөсү 205 дарегинде жайгашкан Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде) жана 15-ноябрда Ош шаарында (Исанова көчөсү 73 дареги боюнча жайгашкан М. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, 9.00дан 17.00 ке чейин) өтө турган форумдарда Ийгиликтин паспорту® программасынын бүтүрүүчүлөрү жана коноктор программанын жыйынтыктарын жана алардын жеке ийгилик баяндарын тартуулайт. Ошондой эле катышуучу жаштар  жумуш орундарынын жармаңкесине жана  лидерлик, убакытты туура бөлүштүрүү, топ  түзүү, каражат тартуу,  ыктыярчылык жана социалдык тармак боюнча сессияларга катыша алышат. Форумдардын жабылышында «Jasa.kg» программасынан катышуучулары майрамдык бий көрсөтүшөт.

2012 жана 2014 жылдардын аралыгында «Балачак институту» Кыргыз Республикасында 26 балдар үйүнөн 1,334 жаштарды Ийгиликтин  паспорту® программасы аркылуу окутту. Жашоого зарыл каражаттарга жана жарандык катышууга басым жасаган «Jasa.kg» программанын бөлүгү болуп  бүтүрүүчүлөр коомчулуктарды өнүктүрүүнү колдогон  63 социалдык долбоорлорду ишке ашырышты.

 

Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасы стабилдүү, өнүккөн жана демократиялык Кыргызстанды курууга жигердүү катышкан жаш муунду тарбиялоого жаштарды колдоого багытталган кызматтар топтомун ишке ашыруу аркылуу көмөктөшөт. Программа үч негизги максатты көздөйт: Кыргызстандык жаштардын арасында активдүү жарандык сезимди ойготууга демилге берүү, жаштарды эмгек рыногуна даярдоо жана жаштардын оң маанайда өнүгүү маданиятын түзүү. Кеңири маалымат үчүн http://www.facebook.com/jasa.kg баракчага кириңиз 

Бул долбоор АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка эли колдоого алган долбоорлордун бири болуп эсептелет. USAID тууралуу кеңири маалымат үчүн, биздин сайтка кириңиз: www.usaid.gov/kyrgyz-republic