“ИИМдеги реформалардын мониторинги. Жылдын жыйынтыктары” форуму

30-октябрда, АКШ Элчилигинин баңгилик заттарды мыйзамсыз колдонуу жана укук коргоо маселелер боюнча  бөлүмүнүн (INL) директору Жой Дэйвис-Кричнер айым жана улуу кеңешчиси Марк Пэриси мырза INL-дин бөдрөтчүсү “Жарандык биримдик” уюму уюштурган  “ИИМдеги реформалардын мониторинги. Жылдын жыйынтыктары” форумуна катышышты.

Форумда донорлор жана эл-аралык уюмдардын өкүлдөрү укук коргоо органдардагы реформалардын жүрүшүн талкуулашты.  Сүйлөгөн сөзүндө Дэйвис-Кричнер айым АКШ өкмөтүнүн тарабынан (INL менен USAID аркылуу) позитивдүү өзгөрүүлөрдү алдыга жылдыруу максатында милиция менен элдин ортосундагы кызматташуунун зарылдыгы жөнүндө айтты.