Дордой базарында Салык кызматынын жаңы тейлөө борбору 7000 ишкерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртат

2014-жылдын 23-декабрында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик cалык кызматы Бишкек шаарындагы Дордой базарында жаңы салык төлөөчүлөрдү тейлөө  борборун ачат. Жаңы борбор 7000 ден ашуун ишкерди жана ошондой эле базарда иштеген сатуучуларды тейлөө кызматын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Премьер министр Жоомарт Оторбаев, Бишкек калаасынын Мэри Кубанычбек Кулматов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин жана  АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) өкүлдөрү, ошондой эле базарда иштеген ишкерлер салтанаттуу ачуу аземине катышышат. Иш чара Дордойдун аймагындагы Алкан базарында өтөт, башталышы – 14:00.

Акыркы жылдары Салык кызматы кардарлардын ыңгайын көздөп, , тейлөө борборлорун көбөйтүү, салык төлөөчүлөр менен болгон мамилени жакшыртуу  боюнча иш алып келе жатышат. Бул тейлөө  борборлор тармагы “Бирдиктүү терезе” принцибинде иш алып баруу менен, ишкерлерге бир жерден ишкананы каттоодон өткөзүп, ошол эле жерден салыктарды төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. USAIDдин Натыйжалуу мамлекетти башкарууну колдоо программасы (GGPAS) аркылуу, темирден жасалган соода контейнерин иштетүүгө боло турган абалга жеткизип, Дордой базарында тейлөө борборуна айлантууга көмөк көрсөттү. Дордой Борбордук Азиядагы эң чоң дүң базары болуп эсептелип, 30 000 ден ашуун чекене жана дүң соодагерлерин иш менен камсыз кылып келет. Бул биргелешкен иш-чара ишкерлер үчүн да, салык кызматкерелери үчүн да салык төлөөнү оңойлотот. Мамлекеттик салык кызматы жана USAID GGPAS жакында эле Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборун жаңыландырып, 25000 ишкер үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жардам берди. USAID GGPAS программасынын жардамы менен, Окутуу борбору кызматкерлерди жаңы тейлөө борборун ачуу, ишке киргизүү жана башкаруу ыкмаларын үйрөтүү максатында, атайын окутуу материалдарын даярдап, программаларын иштеп чыгууда. Бул материалдар Араванда жана Дордой базарында жаңы ачылган салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборлорунун кызматкерлерине берилип, алар үчүн тренинг өткөзүлөт.

USAIDдин Натыйжалуу мамлекетти башкарууну колдоо программасы (GGPAS) тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден тапсаңыз болот: http://www.usaid.gov/ru/kyrgyz-republic/fact-sheets/good-governance-public-administration-strengthening-project-ggpas