2023-жылдын 6-март күнү Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы «Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли өтөт. Спектаклде чакан баш калкалоочу жайда зордук-зомбулуктан качып жаткан сегиз аялдын бир күндүк жашоосундагы окуялар чагылдырылат. Спектакль Эл аралык аялдар күнүнө карата АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.
Спектакль кыргыз тилинде көрсөтүлүп, орус жана англис тилдерине синхрондук котормо менен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын (КУАДТ) сахнасында өтөт . Акысыз билеттер театрдын кассасында же www.ticket.kg сайт аркылуу алса болот. Башталышы 19:00дө.
«Аялдар баш калкалоочу жай» спектакли Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрында түрк жазуучу жана драматургу Тунжер Жуженоглунун «Kadın Sığınağı» пьесасынын негизинде коюлуп, 2022-жылдын июнь айында Бишкекте алгач ирет көрсөтүлгөн.
«Бул сахналаштыруу азап-кайгыны гана эмес, аялдардын күрөшүн, үмүтүн, күчүн, тилектештигин чагылдырат. Аялдар оор кырдаалда жалгыз эмес экенин сезиши керек», – дейт спектаклдин режиссеру Эльвира Ибрагимова.
Спектаклде башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Ташматова, Гүлмира Турсунбаева жана Айнур Тургунбаева аткарышат; ошондой эле Жаш көрүүчүлбр театрынын актрисалары Шекерхан Жоомартова, Майрамбек кызы Мыскал, Элес Калмуратова, Айнура Темирова, Шаршенбек кызы Аида ойношот.
***
«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланган жана FHI 360 тарабынан ишке ашырылган беш жылдык долбоор. Долбоор Кыргызстанда жарандык коом уюмдарынын ишин колдоо жана жарандык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган. Долбоордун негизги багыттары: гендердик зомбулукка каршы күрөшүү жана кризистик борборлордун ишмердүүлүгүн колдоо, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жарандык коомду чыңдоо жана катуу калдыктарды башкаруу боюнча практика менен саясатты жакшыртуу.
###