Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл:АКШ жана Борбор Азия музыканттарынын катышуусу менен концерттер жана мастер-класстар

2016-жылдын 12-октябры

2016-жылдын 14-октябрында саат 18:00дө Бишкектеги Кыргыз Улуттук филармониясында «Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл» долбоордун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилөө максатында борбор азиялык жана америкалык музыканттардын катышуусу менен концерт өтөт. Долбоорду Кыргыз Республикасындагы CEC ArtsLink Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу аркылуу «Omnibus» жана башка борбор азиялык музыкалык институттар менен өнөктөшүп ишке ашырат.

2016 жылы «Бирге ойноо» жаш музыканттар алган тажрыйбасын өздөрүнүн өлкөлөрүндө таратыш  жана жергиликтүү калкты бай жана түркүн – түстүү Борбор Азия жана АКШ музыка дүйнөсүнө тартыш үчүн профессионалдык тараптан жана мугалим катарыдагы өнүгүүгө мүмкүнчүлүк тартуулайт.

АКШдан үч алдыңкы катардагы музыкант 15 жаш музыкант үчүн үч жумалык заманбап музыка боюнча мастер –класстарды Алматы шаарында өткөрүштү. Эксперт катары заманбап музыка тармакта алдыңкы музыкалык Omnibus ансамблинен беш узбек  музыканттар жана композиторлор кытышышты. Мастер – класстарда жаш катышуучулар – музыканттар бай жана ар түркүн америкалык жана орто азиялык салттык жана заманбап музыкалык тажрыйбасын чагылдырган жаңы чыгармаларды жаратышты жана ошондой эле жаңы достук жана профессионалдык карым – катнашты өнүктүрүштү.

Алмата шаарында Казах Улуттук консерваторияда жаратылган чыгармалардын тартуусу болуп өттү, концерттик программа Астана жана Ашгабад шаарларында уюшутурулду жана ал концерттер Бишкекте, Душанбеде жана Ташкентте тартууланат.

Бул айлампа музыка жана маданий арасындагы тажрыйба алмашуу региондун туруктуулугуна жана өркүндөөсүнө түрткү жаратуу менен элдерди бириктире ала тургандынын мисалы болду.