Биргелешкен тренинг ден соолук коркунучтарына жооп берүү жөндөмдү жогорулатат

Бишкек, 24-май, 2023-жыл – АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) жана Саламаттыкты сактоо министрлиги биргелешип өткөргөн тренингдин натыйжасында Кыргызстандын 30 коомдук саламаттыкты сактоо жана медициналык адистер ден соолукка каршы коркунучтарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатышты.

“Өлүмдүн себебин медициналык күбөлөндүрүү” аттуу тренинг 15-майда башталып, 30-майда аяктайт. Катышуучулар өлүм тууралуу отчеттуулук боюнча тажрыйбасын илгерилетип, жаңы иштелип чыккан электрондук системаларды кантип колдонууну үйрөнүшөт. Мындан тышкары, тренерлерди окутуу моделин колдонуу менен, бул адистер өлкө боюнча кесиптештерин окутууну улантышмакчы.

Бул семинар Саламаттыкты сактоо министрлиги CDC менен биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө аныкталган потенциалдык муктаждыктарга түздөн-түз жооп берет. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасындагы COVID-19 кесепетинен улам болгон өлүмдөрдүн чыныгы деңгээлин түшүнүү, өлүм санына байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу жана өлүмгө электрондук байкоо жүргүзүү системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз өнөктөштөрү менен өнөктөштүктө CDC 2020-жылдан бери колдоп келе жаткан маанилүү ишке негизделет.

Өлүм тууралуу күбөлүк эмне үчүн маанилүү?

Өлүм тууралуу күбөлүк өлкөдөгү өлүмдүн деңгээлин жана себептерин аныктоо үчүн маанилүү маалыматтарды берет. Маалыматтар үлгүлөрдү жана тенденцияларды аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Бул маалымат коомдук саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу багыттарын белгилөө үчүн пайдалуу жана жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде өлүмдүн негизги себептерин аныткоо боюнча прогресске көз салууга жардам берет. Өлүмдү сертификациялоонун эл аралык стандарттары тынымсыз жаңыланып турат, ошондуктан бул семинар Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин эң заманбап методологияны колдонуусун камсыздайт.