USAID КРнын Билим жана Илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борбору менен бирдикте “Бирге окуйбуз” долбоору “Баштапкы класстагы окуучулардын окуп түшүнүү көндүмдөрүн баалоо жыйынтыктары жана аларды өстүрүү шарттары: USAIDдин долбоору боюнча берилген маалыматтар” атуу Тегерек стол уюштурду. Тегерек столго КР Билим жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын, Областтык билим берүү институттарынын жана методикалык борборлордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Эл аралык уюмдар жана ММК чакырылды. Тегерек стол 2014 жылдын 4 декабрында Бишкек шаарында Орозбекова көчөсү 87де жайгашкан “Park Hotel” мейманканасында өттү.
EGRA 2014 жылдын апрель айында өткөн. Ал окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерине негизделип коюлган баа катары каралат. Жана ошондой эле окуу көндүмдөрдү жакшыртууга багыталган саясатты аныктап, чечимдерди кабыл алчу мектеп лидерлеринин, ата-энелер менен мугалимдердин практикалык колдонмосу болуп эсекптелет.
USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору 2013-жылдан 2017 – жылга чейин. Бул долбоор башталгыч мектеп окуучулардын окуу жѳндѳмдѳрүн жана окулган маалыматты түшүнүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине колдоо кѳрсѳтүүдѳ. Бул мугалимдердин билимин ѳркүндүтүү институттарыб мектепб коомчулук жана жеке сектор мене ниш алып баруунун негизинде ишке ашырылат. Азыркыга чейин 66дѳн ашуун мектепте 3000ден
Бул долбоор башталгычмектеп окуучулардын окуу жөндөмдөрүн жана окулган маалыматты түшүнүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтүүдө. Бул мугалимдердин билимин өркүндүтүү институттары, мектеп, коомчулук жана жеке сектор менениш алып баруунун негизинде ишке ашырылат. Азыркыга чейин 600дөн ашуун мектепте 3000ден ашуун мектеп мугалимдерин окутулду. Баштапкы класстагы окуучулардын окуп түшүнүү көндүмдөрүн баалоонун жыйынтыктары долбоор үчүн баштапкы көрсөткүч болуп эсептелет. Алдыга жылууларды байкоо максатында мындай көрсөткүчтөрдү жыйноо долбоордун алкагында улам жүргүзүлүп турмакчы. Мындай баалоолордун көрсөткүчтөрү Улуттук Тестирлөө Борбору жана Билим берүү министрлиги менен кызматташтыкта иштелип чыгарылган.
“Баштапкы класстардагы окуу ийгиликтүү окутуунун негизи. Окуу көндүмдөрүн баштапкы класстарда жакшыртуу АКШ Эл аралык өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) Борбор Азия регионундагы ишмердигинин стратегиялык багыты болуп эсептелет”, – дейт Майкл Грин, КРдагы USAID миссиясынын директору.
Сапаттуу окуу боюнча долбоор – америка элинин АКШ Эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу көрсөткөн колдоосу жана жардам программасы катары жүргүзгөн көп долбоордун бири. USAID тууралуу кеңири маалыматты http://www.usaid.gov/ сайтынан караңыз.