2014-жылдын 16-декабры, Ак-Сай, Баткен району. Бүгүн Кыргыз Республикасынын (КР) Баткен районундагы Ак-сай айылында 2015-2017-жылдарга карата Ак-Сай айыл аймагындагы Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планынын презентациясы болуп өттү.
План курамында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, мектептер менен балдар мекемелеринин, милиция бөлүмдөрүнүн, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү бар 29 адамдан турган атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга катышкан айыл тургундары бул пландын ишке ашырылышы Ак-Сай айыл аймагындагы өздөрү жашаган айылдарда укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берерине ишенишерин белгилешет. Жергиликтүү милициянын кызматкерлери бул демилгени колдоп, милиция менен жергиликтүү элдин биргелешкен аракети менен гана жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө жана укук бузуулардын алдын алууга боло тургандыгын тастыкташты. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планы 2014-жылдын 24-ноябрында Ак-Сай айылдык кеңешинин токтому тарабынан бекитилген.
Таш-Тумшук айылдык милиция бөлүмчөсү Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан, ага Тажикстандын Согдий районундагы Исфарага чектеш турган төрт айыл жана 2 участок кирет.2013-жылдын июлунда БУУ БКБнын КР ИИМ менен бирдикте өткөргөн баалоо миссиясынын жыйынтыктары боюнча, Баткен районундагы Таш-Тумшук айылындагы милиция бөлүмчөсүндө милициянын үлгүлүү бөлүмүн түзүү үчүн сынамык катарында тандалып алынып, ишиндеги негизги басым коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана укук бузуулардын алдын алууда эл менен өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жасалат.
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планы «Коомчулукту өнуктүрүү үчүн билим» Коомдук фондунун эксперттик колдоо көрсөтүүсү менен жана АКШ өкмөтү тарабынан каржыланып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) «Кыргыз Республикасындагы жазык сот акыйкаттыгы системасынын реформасына колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
Техникалык жардам көрсөтүлгөндөн (Таш-Тумшук АМБсүн капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлуп жана керектүү эмерек менен жабдылгандан) кийин БУУ БКБ жегиликтүү коомдоштуктар менен иштөөдө кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүсүн улантып келет.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча социалдык өнөктөштүк принциптеринин негизинде милиция менен жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө бул долбоордун максаты болуп саналат. 2009-жылдан тартып БУУнун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жазык сот акыйкаттыгынын системасын жакшыртууга кол кабыш кылуу аркылуу Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөө программасын жүзөгө ашырып жатат.
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралардын планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыктын мисалы болуп саналат.