2016-жылдын 26-сентябры
БАТКЕН – 2016-жылдын 27-сентябрында USAID Баткен шаарында бизнес-форум уюштурууда, анын максаты болуп кургатылган өрүк өндүрүшүндө иштеген фермерлер менен Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана башка өлкөлөрдөн келген сатып алуучулардын ортосундагы байланышты нукка салуу болуп саналат. Бул форумга катыша турган фермерлер өрүктү даярдоочулар койгон талаптар тууралуу билишет, өздөрүнүн продукциясынын үлгүлөрүн көрсөтүшөт, ошондой эле потенциалдуу сатып алуучулар менен өздөрүнүн бааларын талкуулашат. Иш-чара Баткен шаарындагы Кызыл-Жол көчөсү 2 дареги боюнча саат 9:00 дө башталат.
Бул көрсөтүүлөр жана талкуулоолор ийгиликтүү фермерлерге жана кызыкдар болгон даярдоочулар жана кайра иштеп чыгуучуларга өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга же контракттарга кол коюуга жардам бере тургандыгы күтүлүүдө.
Акыркы эки жылдын ичинде USAIDдин Агро горизонт долбоору Баткен облусунун жергиликтүү фермерлери менен иштөөдө, өрүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун жана кургатылган өрүктүн сапатын жакшыртуунун эсебинен алардын кирешесин көбөйтүүгө жардам берүүдө. Азыркы мезгилде долбоор өзүнүн негизги күч-аракеттерин фермерлерге кыска мөөнөттүү сооданы да, ошондой эле узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү да камсыз кылууга жөндөмдүү болгон альтернативдүү рынокко чыгуу мүмкүндүгүн берүүгө багыттоодо.
USAIDдин Агро горизонт долбоору – бул Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында ишке ашырылуучу төрт жылдык долбоор. Долбоордун максаты өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун, ички жана эл аралык рынокко жетүүнү кеңейтүүнүн эсебинен анча чоң эмес фермердик чарбалардын кирешелерин жогорулатуу. Долбоор агро өнөр жай секторунда жаңы жумуш орундарын түзөт жана болумдуу азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
Иш-чарага бардык кызыкдар журналисттер чакырылат. Кошумча маалымат алуу үчүн “Агро Горизонт” долбоорунун коомчулук менен байланышуу жана окутуу бюнча менеджери Севара Байбулатовага кайрылсаңыздар болот. Байланышуу үчүн телефон +996 770 441001, же sbaibulatova@agrohorizon-kg.org электрондук дарегине билдирүү жөнөтсөңүздөр болот.