Балдар үйлөрүнүн жаштары «Белек» флешмобун уюштурушат

Бишкекте 19-декабрда Кыргызстандагы балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан чыккан алты топ интернат мекемелериндеги жаштардын абалына көңүл бурдуруу жана бул жаштар  үчүн социалдаштыруу жана өнүктүрүү каражаты катарында «белек» аттуу флешмобдо бийлешет.

Бийлей турган токсон кыз-жигит акыркы эки жыл бою Эл аралык жаштар фондунун демилгеси менен АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID)  финансылык колдоосунда ишке ашырылган «Jasa.kg» прогараммасынын алкагында бий үйрөнүшкөн.  «Jasa.kg» программасынын бий компоненти интернат мекемелеринде жашаган жаштардын өзүн-өзү баалоосун жогорулатууга, инсандыгын өнүктүрүүгө жана социалдык жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Флешмоб декабрь айынын 19да саат 13:00дөн 14:00гө чейин Киев көчөсү,148 дарегинде жайгашкан «Бишкек Парк» соода борборунда өтөт. Иш-чара келе жаткан Жаңы жылды майрамдоого арналган, ошондуктан , флешмоб майрамдык маанайда болмокчу. Топтор кереметтер жана достук, сүйүү, эркиндик, тынчтык жана кубаныч сыяктуу кереметтерди жана баалуулуктарды чагылдырган бийлерди аткарышат. Соңунда топтор чогуу бийлеп жана келгендерге кагазга жазылган калоолору бар шарларды таратышат.

«Балдар үйлөрүндөгү жаштар бул долбоорду жакшы көргөнү мени кубандырат», – Валерия Аслаповская дейт «Jasa.kg» программасынын  бий долбоорунун координатору , – «Алар мелдештерге катышуудан, чоң сахнага чыгуудан жана жергиликтүү жана эл аралык кесипкөй бийчилер менен бирге иштөөдөн тажрыйба алышты. Мына эми алар бир чоң топ катары бирге чыкканы турушат, бул дагы жаңы нерсе! Мен бий алар үчүн ачык дүйнөгө көпүрө болгонун, алардын аң-сезимин кеңейткендигин жана өзүн-өзү баалоосуна таасир бергендигин көрүп турам».

2013-жылдын баштап 2014-жылга чейин «Jasa.kg» программасы Кыргыз Республикасындагы алты балдар үйүндө жашаган 300дөн ашык жаштарга бий үйрөттү. Жергиликтүү “Wake Up”, “Let’s Dance” жана “Centrum” студияларынан белгилүү бийчилер жумасына эки-үч жолу балдар үйлөрүндө сабак беришти. Мындан тышкары, «ТЕАТР ON» жаштар театрынын эки актеру бул жаш бийчилер менен алардын артисттигин өнүктүрүү үчүн иш жүргүзүштү.

2013-жылдын апрель айында бул бий топтору Атай Өмүрзаковдун жаштар борборунда өз ара мелдештерге катышышты, анын жеңүүчү тобу ошол жылы сентябрь айында Бишкекте өткөн «Мен бийчи» эл аралык фестивалында мейман катары сахнага чыгышты. 2013-жылдын июнь жана июль айларында бул топ Польшага ар кандай өлкөлөрдөгү аярлуу катмардагы жаштарды маданий интеграциялоого арналган “Brave Kids” фестивалына катышканы барышты. Андан соң Бишкекте 2014-жылдын май айында топтор биринчи жолу жыл сайын өтүүчү «Battle Skillzzz» фествалына катышты.

Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасы стабилдүү, өнүккөн жана демократиялык Кыргызстанды курууга жигердүү катышкан жаш муунду тарбиялоого жаштарды колдоого багытталган кызматтар топтомун ишке ашыруу аркылуу көмөктөшөт. Программа үч негизги максатты көздөйт: Кыргызстандык жаштардын арасында активдүү жарандык сезимди ойготууга демилге берүү, жаштарды эмгек рыногуна даярдоо жана жаштардын оң маанайда өнүгүү маданиятын түзүү. Кеңири маалымат үчүн http://www.facebook.com/jasa.kg баракчага кириңиз

Бул долбоор АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка эли колдоого алган долбоорлордун бири болуп эсептелет. USAID тууралуу кеңири маалымат үчүн, биздин сайтка кириңиз:  www.usaid.gov/kyrgyz-republic