Англис тилин окутуу Access программасынын Ново-Покровкада ачылышы

30-октябрда Чүй областтык китепканасы Ново-Покровкадагы “Алтын уя” боорукерлер үйүнүн 30 окуучу балага англис тилин окутуу Access программасынын ачылышын өткөрдү.

АКШ Элчилигинин маданият жана билим берүү программалар боюнча кеңешчиси Рэй Нэйлер ушул интенсивдүү эки жылдык программага ийгиликтүү өтүшү үчүн 30 окуучуга сертификат тапшырды. Access программанын ушул жылкы он бүтүрүүчүсү өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган жана АКШ Элчилиги менен Чуй областтык китепкана тарабынан ишке ашырылган Access программасы кем-карч үй-бүлөлөрдөн чыккан 13-15 жаштагы өспүрүмдөргө англис тили боюнча эки жылдык окутуу  курстарды тартуулайт.  Access программанын окуучулары сабактан кийинки курстар, интенсивдүү жайкы сессиялар, маданий чаралар жана билимин жогорулатуу семинарлар аркылуу англис тилин окушат, Американын маданияты менен жакыныраак таанышышат, жана маданияттык өзгөчүлүктөр жөнүндө жакшыраак түшүнүк алышат. Программанын түпкү максаты – окуучулардын турмуштагы экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү жана алардын Америкадан же башка өлкөлөрдөн жогорку билим алуу атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу.