25-июнда Бишкектеги Адинай паркында өткөрүлгөн Америка ыры-2023 сынагынын финалдык гала концертинде жыйырма кыргызстандык улан-кыз музыкалык өнөрлөрүн тартуулашты жана англис тилин канчалык деӊгээлде билгенин көрсөтүштү. Концертте ушул эле жылы мурда өткөрүлгөн сынактын тандоо турларында тандалып алынган таланттуу жаштардын аткаруусунда америка ырлары англис тилинде жаӊырды. Мындан сырткары, АКШ элчиси Лесли Вигери өзүнүн куттуктоо сөзүн жолдоду, белгилүү Баястан ырчы жана АКШ элчилигинин Access English аттуу микростипендиалдык программасына катышкан студенттер ырдап чыгышты.
«Sun People» Коомдук фонду Америка ыры сынагын Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин финансылык колдоосу менен он жылдан ашуун убактан бери уюштуруп келет. Сынактын жүрүшүндө орто мектептердин окуучулары америка ырларын англис тилинде ырдашып финалдык гала-концертке катышуу үчүн тандоо турларынан өтүшөт. Программа кыргыз жаштарына өзүнүн шыгын эл алдында көрсөтүүгө жана америка музыкасынын ар түрдүүлүгүн таанууга дем берет. Ошондой эле программа англис тилин үйрөтүүдө чыгармачыл ыкмаларды жайылтуу менен катар сынактын катышуучулары мугалимдердин жардамы аркылуу жаӊы сөздөрдү өздөштүрүүгө, сөз байлыгын кеӊейтүүгө, англис тилинде так сүйлөгөндү үйрөнүүгө жардам берет.
Быйыл ачык сынакка катышуучу болуп аныкталган төрт Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас региондорунан 700 ашуун видео билдирүү түшкөн. Тандоо жана жарым финалдык турлардын негизинде эксперттик калыстар тобу гала-концертке катышууга ар бир региондон бештен финалист тандап алды. Финалдык концерттин калыстар тобуна ырчы Омар Жанышев, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин жана Билим берүү мнистрлигинин өкүлдөрү кирген.
Компетентүү адистерден турган калыстар тобу Америка ыры-2023 сынагынын программасынын төмөнкү жеӊүүчүлөрүн аныктады:
Биринчи орун: Аяна Токтобекова Нарын областынан Billie Eilish “I don’t wanna be you anymore” ырын аткаргандыгы үчүн
Экинчи орун: Койсун Озгорушева Талас областынан Попурри ырын аткаргандыгы үчүн
Үчүнчү орун: Айжан Шайдинова Иссык-Куль областынан Mariah Carey “Without you” ырын аткаргандыгы үчүн
Баткен облусунан Элзира Алимова Stephen Sanchez “Until I found you”” ырын аткарганы үчүн калыстар тобунун мүчөсү Омардын атайын сыйлыгына татыды.
Толук маалымат алуу үчүн социалдык тармактардагы программанын баракчаларына кайрылыӊыздар же долбоордун координатору Алана Солтоева менен байланышсаӊыздар болот (+996 555 31 32 31).
Веб-сайт: https://americansongcontest.kg/
Инстаграм: https://www.instagram.com/americansongkg/
Facebook: https://www.facebook.com/americansongkg
####