Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинен 1,9 $ миллиондон ашык суммага медициналык гуманитардык жардам

2014-жылы 26-июнда саат 11.00 дө шаардык №6 клиникалык ооруканада жалпы суммасы 1,9 млн. АКШ долларынан ашык гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болот. Бул гуманитардык жардам  АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында “Проект ХОУП” америкалык уюму аркылуу берилет жана дүйнөгө белгилүү фармацевтикалык компаниялар: GlaxoSmithKline, Hospira, Merck, Alcon, Covidien, 3M  жана башкалар тартуу кылган дары-дармектерден жана медициналык багыттагы буюмдардан турат.

Аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, медициналык мекемелердин өкүлдөрү-гуманитардык жардамды алуучулар жана ХОУП долбоорунун өкүлдөрү катышат.

Гуманитардык жардамды алуучулар болуп Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Баткен облусунун 16 медициналык мекемеси, ошондой эле 3 социалдык мекеме саналат. Гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча медициналык жана социалдык мекемелердин муктаждыктарынын жана суроо-талаптарынын негизинде бөлүштүрүү планына ылайык таркатылат.

Ушул гуманитардык жардамдын аркасында 35 миңден ашык кардар медициналык гуманитардык жардам ала алат. Алардын ичинен 7 миңден ашык онкологиялык оорулуу кардарлар заманбап дары каражаттарын пайдалануу менен акысыз дарыланышат. Ошондой эле көзү оорулуу 5 миңден ашык кардар дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды пайдалануу менен медициналык сапаттуу жардам ала алышат. 1600 жакын кардар заманбап, сапаттуу жана кымбатка турган антибактериялык жана грибокторго каршы дары каражаттары менен дарыланат. 21 миңден ашык кардар заманбап жана сапаттуу медициналык багыттагы буюмдарды пайдалануу менен медициналык жардам алышат.