Америкалык судья арачы сот тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

Судья Мэттью Уильямс 21-27 сентябрда Кыргызстанга келип арачы сот процессти өткөрүү тууралу кыргыз судьялары, сот кызматкерлери, окуучулар, мугалимдер жана юстиция министрлигинин кызматкерлери менен тажрыйба бөлүшкөн.  Ал юридикалык коомчулуктун беделдүү өкүлдөрү менен жолукту, укук тарабындагы студенттер менен профессионалдарга презентация сунуштады жана АКШда арачы сот процедураларын түшүндүрүү макстатында Отро Азиядагы Америкалык университетинде көрсөтмө соттоо процессти өткөрдү.

Судья Уильямс Вашингтон штаттагы Сиэтл шаары кирген Кинг графчылыгынын аймактык судьясы.  20 жылдан ашык судья, прокурор, жеке юрист жана юридикалык факультетинин профессору болуп иштеген.

Кыргыз Республикада кээ бир белгиленген кылмыштар боюнча арачы соттор 2015 жылда өткөрүлүп баштайт.  Өзүнүн бай тажрыйбасына таянып судья Мэттью Кыргызстандын укук чөйрөнүн арасында акыйкаттык, ачык-айкындык жана теңчилик маанайда жүргүзүлгөн арачы сотторду ийгиликтүү ишке ашырууга түркү бере турган конструктиврүү талкууларды жаратканга аракеттенди.