АКШ Өкмөтү Мамлекеттик бажы кызматына колдоо көрсөтүүдө

19-июнда АКШ элчисинин орун басары Лаура Грисмер жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Масабиров Аламүдүн-1 темир жол станциясындагы жаңы административдик имарат менен автоунаалар үчүн бажылык тазалоо бөлүгүнүн ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат Бажы кызматына химиялык менен биологиялык куралдарды, жана аларга байланышы бар материалдарды аныктоого жана аларды алып өтүү аракеттерин тыюуга жардам берет.

АКШ Мамлекеттик департментинин Экспортту контролдоо жана чегара коопсуздугу программасы (EXBS) Мамлекеттик бажы кызматы менен болгон узак мөөнөттүк шериктештигинин алкагында жаңы административдик имаратты куруу жана жабдуу боюнча эки жылдан бери Бажы кызматы менен тыгыз иштешти. Жалпы баасы 340 миң АКШ долларын түзгөн долбоорго имаратты пландоо, курулуш материалдарын сатып алуу жана имаратты куруу иштери кирет.

EXBS программасы эл аралык экспортту контролдоо жана чегара коопсуздугун чыңдоо максатында дүйнө жүзү боюнча 60 өлкөдө ишке ашырылат. EXBS программасы Кыргыз Республикасында 2000-жылдан бери иштөөдө. Ал убакыттан бери программа жабдуулар, окутуулар жана инфраструктуралык жакшыртуу иштери түрүндө 26 млн. долларлык каражат сарптаган. Жакында EXBS программасы Мамлекеттик бажы кызматы үчүн чегара пунктунан өтүү иш-аракетин элестетүүчү практикалык машыгуу жана окутуу жайынын курулушун каржылаган. Мындан сырткары, программа Мамлекеттик чегара кызматы үчүн 27 чегара бекетин куруп берген.