АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигине жабдыктарды жана унааларды бермекчи

20-ноябрда Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигине АКШ өкмөтүнүн тарабынан жабдыктар жана унаалар тапшыруу аземи өткөн.

АКШ Мамлекеттик департаментинин баңгизаттардын мыйзамсыз айлануу жана укук коргоо ишмердик боюнча бюросу  К-50 “Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин потенциалын чыңдоо”-аттуу  долбоордун алкагында газ хромографтарды, лабораториялык жабдууларды, центрифугаларды, химиялык заттарды сактоо муздаткычтарды, компьютерлер менен басып чыгаруу буюмдарды жана 5 жолсуз жүрөтурган Ford Ranger маркадагы унааларды тапшырды.

Бул аземде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министири А.Маматалиев, АКШнын Элчиси Спратлен, Орус Федерациясынын Элчиси А.Крутько, БУУнун Баңгизат жана Кылмыш боюнча башкармалыгынын (БКБ) өкүлу А.Миттал, БУУнун БКБ программалык кызматынын башчысы А. Федулов, Орус Федерациясынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жана АКШнын Баңгизат менен күрөшүү департаментинин Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республиканын министирликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

АКШ Мамлекеттик департаментинин баңгизаттардын мыйзамсыз айлануу жана укук коргоо ишмердик боюнча бюросу  Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигине БУУ БКБ ишке ашырып аткан К-50 долбоору аркылуу 2011-жылдан бери жардам берип турат.  Андан тышкары долбоорду Орусия Федерациясы менен Казакстан каржылайт.  Ошондон бери АКШ 1,7 миллион долларлык жардам көрсөтсө, Орусиянын салымы 1,6 миллион долларды түздү.