АКШ Элчилигинин “Экспорттук көзөмөлдөө жана чек аралардын коопсуздугу” (ЭКЧК) бөлүмү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кароол жабду

25-ноябрда АКШ өзүнүн элчилигинин  “Экспорттук көзөмөлдөө жана чек аралардын коопсуздугу” (ЭКЧК) бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына ЭКЧКнын колдоосу менен курулган кароол мунаралар үчүн жабдууларды тапшырды.

Кырк эки кубаттуу дүрбү комплект кыргыз чек арачыларга тапшырылды.  Ушул кубаттуу байкоо жүргүзүү аспаптар Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен жашыл чек аралардагы кароол мунараларга орнотулат.  Жабдуулардын жалпы баасы 200 миң АКШ долларына жакын.

ЭКЧК программасы чек аралардын коопсуздугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргелешип иштөөсүн улантмакчы.  Ал Кыргыз Республикадагы чек аралык коопсуздукту 2000-жылдан бери активдүү түрдө колдоп келүүдө.