АКШ Мамлекеттик катчынын жардамчысынын Борбордук Азия боюнча орун басары Дэниел Розенблюм, 2014-жылдын 14-октябрынан 17-октябрына чейин Кыргыз Республикасына келип, Кыргыз өкмөтүнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жана жарандык коомдун лидерлери менен эки тараптуу мамилелерди талкуулады жана USAIDдин долборунун жабуу аземине катышты. Бишкектен тышкары, Розенблюм мырза Ош менен Жалалабатка барып жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулуктун активтери жана студенттер менен жолукту.
Визиттин максаты Кыргыз Республикасынын муктаждыктары жана максаттары менен таанышуу жана келечектеги кызматташуу боюнча өз ара кызыкчылыктарды талкулоо. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен эли ачык жана коопсуз мамлекетти куруу үчүн көп маанилүү кадам жасады. Розенблюм мырза кыргыз элине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере турган жана жалпы региондо стабилдүүлүктүү чыңдай турган АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты улантуу жолдору ачылат деген үмүттө.