2014-жылдын 3-июнунда саат 9.00 да «Парк Отель» мейманканасында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Сапаттуу саламаттык сактоо USAID долбоорунун Эне жана баланын саламаттыгын сактоо компонентинин аякташына арналган конференция өтөт. Конференциянын максаты – эне жана баланын ден соолугун чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасында репродуктивдик ден-соолукка долбоор тарабынан кошкон салымын чагылдыруу, ушул жааттагы жетишкендиктер жана проблемаларды талкулоо жана тажрыйба алмашуу.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн алкагында эне жана баланын ден-соолугун чыңдоого аракет жумшоо милдетин өзүнө алган. USAID өкмөттүн саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөшү катарында 2015-жылга чейин энелер өлүмүнүн көрсөткүчүн төрттөн үч бөлүккө, 5 жашка чейинки балдардын өлүм көрсөткүчүн үчтөн эки бөлүккө төмөндөтүүнү колдоого алган. Пландаштырылган конференция ушул максатка жетишүүдө маанилүү учурларды көрсөтүп кетет.
USAID Нарын жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында эне жана баланын ден соолугун чыңдоо программаларына колдоо көрсөттү. Ошол программалардын жана Саламаттык сактоо министрлигинин USAID, GIZ, WB, WHO, UNFPA, UNICEFке окшогон эл аралык өнөктөштөр менен координациялаган аракеттердин түздөн түз жыйынтыгы болуп республикада акыркы бир нече жылдарда перинаталдык өлүмдөрдүн үзгүлтүксүз төмөндөшү болду. Мисалга алсак 2010-жылдагы 27ден 2012-жылда 24,9га чейин түштү.
Кыргыз Республикасында USAID Миссиясы тууралуу кошумча маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот: