АКШ кургак учукту дарылоо боюнча новатордук демилгелерди колдоп келет

19-сентябрда, саат 9:30 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү USAIDдин финансылык колдоосунда «Сапаттуу саламаттык сактоо» Долбоорунун координациялоосу менен кургак учуктун (КУ) амбулатордук дарыланышына тиешелүү пилоттук демилгенин жыйынтыктары боюнча тегерек столго катышат. Талкуулоонун жүрүшүндө жаӊы диагностикалык технологиялардын жана ооруканага милдеттүү жаткыруунун натыйжасында кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн кыйла оӊолушуна басым жасалат, бул өз кезегинде инфекцияны жуктуруу деӊгээлин төмөндөтөт жана пациенттин оӊтойлуу сезишин жакшыртат. Тегерек стол Кант шаарында Ысык-Аталык Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) болуп өтөт.

Кыргыз Республикасында көп жолку дарыларга туруктуу кургак учук (МЛУ-ТБ) боюнча дүйнөдөгү  эӊ жогорку көрсөткүчтөр катталды. Өлкөбүздө кургак учук менен стационарда күрөшүүнүн советтик модели колдонулуп келген, бул өтө кымбат баалуу жана КУну оорукана ичинде жуктуруу коркунучуна дуушар кылып, пациентке багытталбаган болуп саналат, региондо МЛУ-ТБ жайылуунун негизги факторунун бири – оорукана ичинде жуктуруу эсептелет. 2012-жылы «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID Долбоору баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деӊгээлинде кургак учукка каршы кызматтын жаӊы моделин ишке киргизүү максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда пилотту демилгелеген. Модель GeneXpert® жаӊы технологияны колдонуу менен кургак учукту эрте айкындоого жана дарылоого, КУну инфекциялык контролдоо чараларын жакшыртууга жана эл аралык стандарттарга негизделген клиникалык протоколдорду жаӊыртууга багышталат. Ошондой эле модель ооруканага жатууну каалабаган жана талап кылбагандар үчүн пациентке багышталган амбулатордук дарылоо аркылуу бейтаптардын дарыланууну жактоочулугун жакшыртууга багытталат.

Натыйжада пилоттук демилге бир катар олуттуу жакшыртууларга алып келди: Кыргызстандын жарнадары арасында КУ симптомдору жөнүндө маалымдуулук деӊгээли жогорулады, медициналык мекемелерде персонал жана пациенттер үчүн коопсуздук максатында инфекциялык контролдоо чаралары жакшыртылды, микроскопияга салыштырмалуу айкындалган кургак учук менен ооруп жүргөн учурлардын далилденген саны  эки эссе көбөйдү, дарыга туруктуу учурлар тез айкындалып, кайра жолдомолонду, ошондой эле пациенттин колдогон тобу аркылуу дарылоого жактоочулугу жакшыртылды. Элүү төрт пациент дарылоо ийгилиги 96% божомолу менен толук амбулатордук дарылоо алышты.

Пилоттук долбоордун чоӊ ийгилигине негизделип Саламаттык сактоо министрлиги ушул моделди Чүй облусунун бардык райондоруна жайылтуу боюнча 2014-жылдын июлунда буйрук чыгарды.

«Сапаттуу саламаттык сактоо» Долбоору  USAID аркылуу америка эли каржылаган көп долбоорлордун бири болуп саналат.