Бүгүн АКШнын элчиси Памела Спратлен жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Калиев Марат Темирбекович Ош шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылаган Кыргыз Республикасынын 2012-жылдагы Медициналык-демографиялык изилдөөсүнүн (КР МДИ-2012) жыйынтыгын талдоого арналган семинардын ачылышын өткөрүштү. Ош шаарында болуп өткөн семинарга Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 50дөн ашуун саламаттык сактоо системасынын улук медициналык персоналдары жана кызматкерлери катышышты жана МДИнин жыйынтыгы боюнча облустук деңгээлдеги программаларды ишке ашырууну талкуулашты.
USAID 1994-жылдан бери өзгөчө акушердик жана антенаталдык жардамдарды, милдеттүү медициналык кызматтарды чыңдоо, АИВ жана кургак учукту текшерүүгө, дарылоого жана алдын алууга мүмкүндүктү көбөйтүү, ошондой эле 10,000ден ашуун үй-булөлүк дарыгерлерди жана алгачкы жардамды көрсөтүүчү медайымдарды окутуу үчүн дээрлик 100 миллион доллар өлчөмүндө салым кошту. «КР МДИ-2012нин жыйынтыгы биздин биргелешкен аракеттерибиз акыркы 15 жыл ичинде чоң жетишкендиктерге жеткендигин көрсөтүп турат», – деп белгиледи АКШнын элчиси Памела Спратлен өз сөзүндө.
Бул изилдөө Кыргыз Республикасындагы экинчи жолу жүргүзүлгөн изилдөө болуп саналат. Биринчи изилдөө да USAIDдин колдоосу менен 1997-жылы жүргүзүлгөн. КР МДИ-2012ге улуттук деңгээлде 8,000ден ашык үй-чарба катышты жана 15 жаштан 49 жашка чейинки 8,200 аял жана болжолдуу 2,400 эркек жөнүндө маалыматтар жыйналды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Калиев Марат Темирбекович «МДИнин жыйынтыктары Ош жана Баткен облустарындагы балдардын саламаттыгын коргоодо абдан маанилүү», – деп айтты. Ош (26%) жана Баткен (23%) облустарындагы балдардын болжолдуу төрттөн бири улуттук деңгээлдеги 18% менен салыштырмалуу бойлору өспөй калган. Өнөкөт чала тоюу – бул мамлекеттин деңгээлиндеги көйгөй, бирок Ош жана Баткендеги балдар Кыргыз Республикасынын башка облустарындагы балдардан айырмаланып, өнөкөт чала тоюудан эң жогорку деңгээлде жабыркашат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Калиев Марат Темирбекович: «Ош жана Баткен облустарындагы саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери бул маалыматка ылайык токтоосуз чара көрүүсү зарыл керек» – деп айтып өттү.
КР МДИ-2012 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматташуусунда жүргүзүлдү. БУУнун калк фонду (ЮНФПА) кошумча колдоо көрсөттү. КР МДИ төрөт, үй-бүлөнү пландоо, эненин жана баланын ден соолугу жөнүндө маалыматтарды топтоого багытталган бүткүл дүйнөлүк медициналык-демографиялык изилдөө программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
USAID программалары тууралуу кенири маалыматты биздин сайттан же Facebooкдагы баракчабыздан окусанар болот usaid.gov/kyrgyz-republic же www.facebook.com/usaidkyrgyzrepublic