АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин элчиликтин жаңы имаратынын ачылышындагы сөзү

Элчи айым, сизге чоң рахмат! Саламатсыздарбы! Мен бул жерде болгонума абдан кубанычтамын. Баарыңыздарга бул жака келип ушул ачылыш аземин биз менен бөлүшүп отурганыңыздарга ыраазымын. Министр Абдылдаев мырза, бул жака келип түшкөндө эле сиз менен сурашып калганыма да кубанычтамын.

Бул жерден тоолор жакшы көрүнүп турат экен. Аларды көрбөй кеткениме өкүнүп турам. Бирок, менин Мамлекеттик катчы жардамчым Ниша Бисвал тоолорду экинчи сапарда көрүп кетесиз деп ишендирди.

Элчи айым, сиздин лидердик сапатыңызга рахмат. Сиз жана сиз менен бирге иштегендер АКШнын атынан Кыргызстандагы эң жакшы өкүлү болуп иштеп жатканыңыздарга ыраазычылыгымды билдиремин.

Мен бул өтө кооз өлкөгө келип отурганыма кубанычтамын. Бул жерге келип, кооз тоолорду көрүп кетпегеним туура эмес болуп жатат, бирок, буюрса, бир күнү Сирияда, Түндүк Кореяда, Йеменде жана кээ бир башка жерлерде тынчтык орнотулса, дагы да сапар алышка көбүрөөк мүмкүнчүлүк болоор.

Кыргызстан менен болгон мамилелер биз үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан мен бул жака келип, ушул жерден сапарымды баштагым келди.

Ал эми бүгүн бул жерде ушул жаңы маанилүү жана кооз имараттын ачылыш аземинде отургандарга чоң рахмат айтам.

Бул имараттын курулуп бүтүшүнө салымын кошкондорду жумуштун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Бул арзый турган аракет болду дегенге баарыңыздардын кошуларыңызга ишенем.

Убакыт өткөн сайын, бул жерде көп бак-дарактар өсүп, элчиликтин айланасы жашылданып каларына үмүттөнөм.

Ал эми жаңы имарат эң мыкты; ал заманбап жана эң жакшы долбоорлонгон; жарык, ачык жана энергия-сарамжалдуу; ал кызматчыларыбызга өтө зарыл болгон иштөө аянтты камсыз кылат. Кыскача айтканда, ал 21-кылымда кызматташтыкты жүзөгө ашырууга колдоно турган 21-кылымдын имараты.

Бул имарат Американын Кызгызстандын өкмөтү жана эли менен жакын кызматташуу мамилелерди түзүүгө берилгенибиздин маанилүү символу болуп эсептелет. Мындай мамиле жалпы кызыкчылыктарыбыздын жана узак убакыттын ичинде гана калыптана турган өз ара сый-урматтын негизинде түзүлөт.

Баарыбыз билгендей, Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкөлөрдөн. Министр Абдылдаев айтып кеткендей ал 24 жыл мурда болгон. Ал кезден бери ушунча убакыт өткөнүнө ишенүү кыйын. Андан бери биз дайыма Кыргызстандын көз карансыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоп келдик – жана мындан кийин да колдойбуз деп сизди ынандыра алам.

Эгемендүүлүк алганыңыздардан эки ай өтпөй эле биринчи элчилигибиздин имаратынын үстүнөн желегибизди көтөрдүк. Биздин биринчи элчилик Эркиндик деп аталган бульварда жайгашканы да өзүнчө маанилүү деп ойлойм.

Кийинки жылдары, эки өлкөбүздүн кызматташуусу өскөн сайын, элчилигибиздин талаптары да өсүп, биз 1998-жылы азыркы учурда жайгашкан жерибизге көчүп келдик. Убакыт өткөн сайын биздин кызматташтыгыбыз өркүндөй берип, жаңы чогуу кам көрө турган багыттарды камтыды, анын ичинде коопсуздук, экономика маселелери, энергетика, чөйрөнү сактоо, билим берүү жана бир-бирибизди жакшыраак билип жана түшүнгөнгө жардам берүүчү бул жерден Америкага барып окуган студенттер сыяктуу элдерибиздин ортосундагы алмашуулар. Дипломатия жана тышкы иштер боюнча жумуш деп ушуну айтат.

Чынын айтканда, биз жолдун башындабыз. Тарыхый көз караш менен караганда, 25 жыл – бул көз ирмегендей эле убакыт. Биз жаңы имаратты кургандай эле, ошондой эле көп убакытка созулган кызматташтыгыбызды куруп атабыз.

Улам барган сайын, биздин бул жердеги дипломат кызматкерлерибиздин саны да өсө берди.  Бир нече адам болуп баштап, азыр бизде 300-дөн ашуун адам иштейт, анын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары. Айрымдары азыр ушул жерде олтурат, алардын баарына эки жактуу алакаларыбызды бекемдөөгө жана күчтүү демократиялык институттары жана мыйзам үстөмдүгүндө негизделген эки өлкөнүн гүлдөп өсүү жана коопсуздукту орнотуу максатыбызды колдоп иштегендери үчүн өзүмдүн атымдан, Президент Обаманын атынан, америкалыктардын атынан чоң ыраазычылык билдирем.

Сөзүмдүн аягында, дагы бир нерсени кошуп кетейин. Мен өмүр бою айлана-чөйрөнү сактоо боюнча аракет кылып келдим. Вьетнамдагы согушта флотто кызмат кылып кайтып келеер замат, 1970-жылдары Американын айлана-чөйрөнү сактоо кыймылына кошулдум. Мен айлана-чөйрөго аяр мамиле жасоо ишин көп жылдан бери жактам келем. Мына эми, жакында эле Париж шаарында өтө турган баарыбызга тиешелүү климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө өлкөлөрдүн даярдыгын көрсөткүн чогулушка аттанып жатабыз. Ошол жаатта, имараттарды курууда да энергияны жоопкерчилик менен колдонуу баарыбызга көп пайда алып келет. Бул имараттын ошол ой менен курулганына биз сыймыктанабыз. Анткени, бул имарат жашыл технологиянын жана курчап турган чөйрөгө этият мамиле кылуунун үлгүсү. Бул имарат жамгырдын суусун чогултуу, сууну тазалап кайтадан иштетүү жана күндүн нуру менен иштөөчү батареяларды колдонуу сыяктуу жаңы технологиялардын бир тобун камтыйт. Анын баары байкалбай калган жок. Бул долбоор экологиялык таза курулуш боюнча Америка Кеңешинин «Энергетикадагы жана экологиялык долбоорлоодогу лидерлик» программасынын Күмүш сертификатын алды. Бул имарат ушул аймакта чоң үлгү болушу керек, ага талаш жок. Ал аябай ойлонулуп  чыгарылган долбоор болду, жаратылышка аяр мамиле менен курулган. Мындай имараттар, АКШда жана дүйнөнүн бардык жерлеринде көп болсо экен дейм.

Кесиптештер жана достор, биз менен бирге болгонуңуздарга дагы бир жолу рахмат. Бүгүн биз чыдамсыздык менен күткөн имараттын ачылышын майрамдап жаткан кезибиз. Бул жөн эле имараттын ачылышы эмес. Бул көп жагынан айырмаланган, бирок экөө тең демократиялык баалуулуктарга берилген, экөө тең тынчтыкты калыбына келтирүүчү жана өз эли үчүн колдоо болгон мүмкүнчүлүктөрү менен келечегин куруучу өлкөлөр болуп саналган биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өзгөчө достукту дагы бир жолу бекемдөөгө чоң шылтоо.

Бул имарат кылымдар бою же андан да көп ойго сыйбаган убакыт тура берсин; бирок андан да маанилүү болгон нерсе – биздин достугубуз бул имараттан да, андан кийинки имараттардан да көпкө улансын!

Бул аземге келгениңиздерге рахмат! Ушул имаратты, анын ичинде иштегендерди, Кыргыз Республикасын жана Америка Кошмо Штаттарын кудай колдосун!

Рахмат!