АКШнын китептерин которуу программасы жана жергиликтүү басмаканалары америкалык классикалык аңгемелерин кыргыз тилинде сунуш кылууда.

Элчилик америкалык  балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Роберт О’Брайендин «Фрисби айым жана МОУИдеги келемиштер» аттуу аңгемеси жарыкка чыкканын кубаныч менен жарялоодо. Бул иш чара АКШнын элчилиги жана Кыргыз басмаканалар ассоциациясынын кызматташуусунун негизинде аткарылды. Ошондой эле, АКШнын колдоосу менен жакында Мара басма үйү О’Генринин классикалык «Тандалган чыгырмалары» аттуу китебин кыргыз тилинде чыгарды. 2016 жылы кыргыз тилинде чыга турган чыгармалардын арасында төмөнкүлөр бар: Гэри Полсендин «Балтача»; Рэй Бредберинин «Каакымдан жасалган вино»; Морис Сендактын «Жапайылар жүргөн жакта»; Ричард Скарринин «Адамдар эртеден кечке эмне кылышат?»; Эрик Карлдын «Абдан ачка көпөлөк курту»; Джон Чесшкинин «Үч чочко тууралуу анык окуя»; Роберт Макклоскинин «Сэлли үчүн карагат»; Д.Д. Сэлинджердин «Кара буудай арасындагы туткуч » жана Доктор Сьюздун бир нече чыгармалары.

2008 жылдан тартып, Кошмо Штаттардын китеп которуу программасы кыргыз басмаканалары менен алып барган кызматташтыгы аркылуу америкалык ондогон замандаш жана классикалык адабиятын кыргыз тилине которуп келүүдө. Андан тышкары, бул программанын алкагында аял затынын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаштарды жана жалпы жарандарды активдештирүүгө арналган журнал, макалалар, ошондой эле жаш балдар менен чоңдорго арналган медиа материалдар которулган. Которула турган китептердин тизмеси Америкалык китепканалар ассоциациясы, Улуттук китеп палатасы, Кыргыз басмаканалар ассоциациясы, Кыргыз китепкана жана маалымат концорциуму, ошондой эле жергиликтүү басмаканалар тарабынан сунуш кылынган.

Китеп которуу программасы окуучулардын китеп окуусун өрчүндөтүп, жергиликтүү басмакана индустриясынын өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү ниет кылат. Которулган китептер жети Америкалык борборуна, мектептерге жана мамлекеттик китепканаларга акысыз таркатылат. Бул китептерди балдар жана алардын ата-энелери жергиликтүү үй- бүлөлүк китеп окуу группалары аркылуу кеңири колдонушат.

Эгерде сиздин мектебиңиз же китепканаңыз бул китептерге кызыкса, анда АКШнын элчилигинин Коомчулук менен байланышуу бөлүмү менен төмөнкү дарек аркылуу байланышка чыгыңыз: BishkekPAS@state.gov