2016-жылдны 14-октябры
Элчилик америкалык балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Ричард Скерринин «Кишилер кечке чейин эмне иш кылат», Жон Шесканын «Үч торопойдун чыныгы окуясы», Роберт Макклоскинин «Кара моюл терген сэл», жана жаштарга ылайыктуу Жером Сэлинжердин «Кара буудайдагы тосуучу» аттуу аңгемелерин жарыкка чыкканын кубаныч менен жарялоодо. Бул иш чара АКШнын элчилиги жана Кыргыз басмаканалар ассоциациясынын кызматташуусунун негизинде аткарылды. Ошондой эле, 2016-жылы кыргыз тилинде чыга турган чыгармалардын арасында төмөнкүлөр бар: Морис Сендактин «Жапайылар мекенинде», Маргарет Уайз Браундун «Бейпил түн ай», Кевин Хенкстин «Бала мышык менен толгон ай» жана Кэтрин Патерсондун «Кеткен көпүрөө».
2008 жылдан тартып, Кошмо Штаттардын китеп которуу программасы кыргыз басмаканалары менен алып барган кызматташтыгы аркылуу америкалык ондогон замандаш жана классикалык адабиятын кыргыз тилине которуп келүүдө. Андан тышкары, бул программанын алкагында аял затынын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаштарды жана жалпы жарандарды активдештирүүгө арналган журнал, макалалар, ошондой эле жаш балдар менен чоңдорго арналган медиа материалдар которулган. Которула турган китептердин тизмеси Америкалык китепканалар ассоциациясы, Улуттук китеп палатасы, Кыргыз басмаканалар ассоциациясы, Кыргыз китепкана жана маалымат концорциуму, ошондой эле жергиликтүү басмаканалар тарабынан сунуш кылынган.
Китеп которуу программасы окуучулардын китеп окуусун өрчүндөтүп, жергиликтүү басмакана индустриясынын өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү ниет кылат. Которулган китептер жети Америкалык борборуна, мектептерге жана мамлекеттик китепканаларга акысыз таркатылат. Бул китептерди балдар жана алардын ата-энелери жергиликтүү үй- бүлөлүк китеп окуу группалары аркылуу кеңири колдонушат.
Эгерде сиздин мектебиңиз же китепканаңыз бул китептерге кызыкса, анда АКШнын элчилигинин Коомчулук менен байланышуу бөлүмү менен төмөнкү дарек аркылуу байланышка чыгыңыз: BishkekPAS@state.gov