Адам укуктарына коркунуч келтирген мыйзамдар жөнүндө билдирүү

АКШ Элчилиги адам укуктарына, демократиялык жетишкендиктерге жана Кыргызстандагы конституциялык кeпилдиктерге түпкү коркунуч алып келтире турган Жогорку Кенеш тарабынан киргизилип жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү терең тынчсыздануу менен кабыл алат.  Тогузунчу октябрда  биринчи талкуулоодо кабыл алынган салттуу эмес катнаштар жөнүндөгү мыйзамдардын кабыл алынышын жана комитеттердеги пландаштырылган чет өлкөлүк агенттер жөнүндө угууларды айрыкча белгилейбиз.  Бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар эркин жашоого татыктуу.  Эч кайсы бир адам, ал ким болбосун же ал кимди сүйбөсүн, ошол үчүн сөз укугунан же эркиндигинен айрылбашы керек.  Кайсы бир топтун укугун кемсинткен мыйзамдар бүткүл адамдардын түпкү укуктарына коркунуч келтирет.  Жарандык коомго салынган чектөөлөр демократияга залал келтирет.  Кыргыз Республикасынын парламент мүчөлөрүн жана элин акыйкаттык жана теңдик , өнүгүү жана боорукердик үчүн турууга, ал эми өзүн өзү таанууну кылмыш катары эсептеген же жарандык коомго чектөө киргизген мыйзамдарга каршы турууга чакырабыз.