Flag

An official website of the United States government

Бүтүүрүүчүлөрдү колдогон инновациялык фонд
2 MINUTE READ
November 3, 2023

Бүтүүрүүчүлөрдү колдогон инновациялык фонд (AEIF) АКШ өкмөтүнүн алмашуу жана билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасында коомдорду өнүктүүрүгө багытталган долбоорлорду колдоо үчүн гранттык каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн ($5000 – $35000) берет. AEIF АКШ өкмөтү каржылаган жана көмөктөшкөн алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө өз коомчулугунун алдында турган глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларын иштеп чыгууга жана ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу учурунда алган көндүмдөрүн кеңейтүү үчүн каржылоону камсыздайт. 2011-жылы түзүлгөндөн бери, AEIF атаандаштык жана глобалдык сынак аркылуу дүйнө жүзү боюнча 500гө жакын бүтүрүүчүлөр жетектеген долбоорлорду каржылады. Конкурска чакыруу жылына бир жолу ачылат. Долбоордун темалары жана талаптары жыл сайын өзгөрүп турат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн АКШ элчилигинин долбоорлор барагына же жергиликтүү бүтүрүүчүлөрдүн Facebook баракчасын текшериңизhttps://www.facebook.com/Kyrgyzstan.usexchangealumni/